Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги бардык авиакомпанияларга жүргүнчүлөрдү аба кемесинин бортунда мамлекеттик тилде маалымдоо боюнча милдеттүү талапты киргизди.
Мындан ары Кыргызстанга, Кыргызстандан жана өлкө ичинде аткарылуучу бардык үзгүлтүксүз каттамдарда жарыялоолор англис, орус жана учуу мамлекетинин тилинен тышкары кыргыз тилинде да айтылууга тийиш. Бул жаңы эрежелер ата мекендик жана чет өлкөлүк авиаташуучуларга бирдей жайылтылат.
Талаптарга ылайык, коопсуздук боюнча нускамалар, авариялык-куткаруу жол-жоболору, учуу, конуу жөнүндө маалымат жана учуу учурундагы башка маанилүү билдирүүлөр сөзсүз түрдө кыргыз тилинде жарыяланышы керек. Мамлекеттик тилдеги маалымат толук, так жана башка тилдердеги жарыялоолордун мазмунуна дал келиши зарыл.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин билдиришинче, бул жаңылоо мамлекеттик тил саясатынын алкагында ишке ашырылып, кыргыз тилинин статусун бекемдөөгө, жүргүнчүлөрдүн маанилүү маалыматтарга бирдей жетүүсүн камсыздоого жана жарандык авиация тармагында тейлөө сапатын жогорулатууга багытталган.
Бардык авиакомпаниялардын жетекчилерине жарыялоолордун расмий тексттерин кыргыз тилинде даярдап, жаңы талаптардын алдында турган бардык каттамдарда аларды колдонууну камсыздоо тапшырылды.














