Сейсмологдордун билдирүүсүнө ылайык, жер титирөөнүн күчү эпицентрде 3 баллды түздү. Жер титирөөнүн очогу Нура айылынан түндүк-батышка карай 3 км, Икизяк айылынан түштүк-чыгышка карай 5 км жана Ош шаарынан түштүк-чыгышка карай 135 км аралыкта жайгашкан.
Кыргызстандын калктуу конуштарында, тактап айтканда, Нура жана Икизяк айылдарында жер титирөөнүн интенсивдүүлүгү болжол менен 3 баллга жеткен.



