Кант шаарындагы көмүр складдарында Чуй аймактык экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, рейддин жүрүшүндө складдарда сатылып жаткан көмүрдүн сапаты каралып чыкты. Ошондой эле, сатуучулар менен майда фракциядагы (0–13 мм) көмүрдү сактоо, сатуу жана колдонуу мүмкүн эмес экендиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Адистер майда фракциядагы көмүрдүн атмосфералык абарынын сапатына терс таасирин тийгизерин белгилешти. Сатуучуларга тийиштүү талаптарды сактоо зарылдыгы тууралуу маалымат берилди.