Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы казакстандык кесиптештери менен биргеликте «Каркыра-автодорожный» өткөрүү пунктунун иштөө убактысын кеңейтүү боюнча макулдашууга жетти.

Бул чечим чек арадан өтүүдө пассажирлердин санын көбөйүшүн эске алуу менен кабыл алынды. Аталган пункт 21-июлдан 31-августка чейин күн сайын саат 08:00дөн 21:00гө чейин иштейт.

«Каркыра-автодорожный» эл аралык унаа өткөрүү пункту Түп районуна караштуу Иссык-Көл облусунда жайгашкан жана адамдар менен транспорт каражаттарын кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүгө арналган.