2026-жылдын башынан тартып 25-ноябрга чейин Кыргызстандагы 37 экспортко багытталган ишканага кепилдик колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу «Кепилдик фонд» ААК билдирди.

Фонд тарабынан берилген кепилдиктердин жалпы суммасы 483,6 млн сомдон ашты. Бул өнөр жай жана айыл чарба тармактарындагы ишканаларга 1 млрд 292 млн сомдон ашык кредиттик каражаттарды алууга шарт түздү.

Негизги тармактардын үлүшү

91%кепилдиктердин көлөмү
92%кредиттик каржылоо

Тармактар боюнча көрсөткүчтөр

Кепилдик колдоонун түзүмүндө өнөр жай, айыл чарба жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармактары алдыңкы орундарды ээлейт.

Тармактар боюнча кепилдиктердин суммасы

  • Өнөр жай317,9 млн сом
  • Айыл чарба122,4 млн сом

Кепилдик фонд

Тармактар боюнча кепилдиктердин суммасы
Өнөр жай317,9 млн сом
Айыл чарба122,4 млн сом

Өнөр жай ишканаларына 317,9 млн сомдон ашык кепилдик берилсе, алар аркылуу 915,9 млн сомдук банктык кредиттер тартылды. Ал эми айыл чарба жана продукцияларды кайра иштетүү ишканалары 122,4 млн сомдук кепилдиктердин жардамы менен 268,9 млн сомдук кредиттерди алды.

Региондор боюнча бөлүштүрүү

Кепилдиктердин суммасы боюнча региондор
БишкекДжалал-Абад
  • Чуйская
  • Бишкек
  • Джалал-Абад

Кепилдик фонд ААК · geoBoundaries, © OpenStreetMap

Кепилдиктердин көлөмү боюнча региондук кесилиште Чүй облусу (193,8 млн сом), Бишкек шаары (166,8 млн сом) жана Жалал-Абад облусу (103,7 млн сом) алдыңкы орунда турат.