И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети 2026-жылдын 26-ноябрында «Келечектин инженериясы: шаарларды жана аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн энергетиканы, курулушту, архитектураны жана билим берүүнү интеграциялоо» аттуу биринчи эл аралык тармактык форумду өткөрөт.

Бул масштабдуу иш-чара мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, атаандаштыкка жөндөмдүү жергиликтүү жана чет элдик окумуштууларды, эл аралык эксперттерди, өнөр жай ишканаларын, бизнес коомчулугун жана билим берүү мекемелерин өзүнө бириктирет.

Форумдун ишине Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим жана инновациялар министрлигинин, Энергетика министрлигинин, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин жана башка тиешелүү ведомстволордун жетекчилигинин катышуусу күтүлүүдө.

Негизги багыттар

  • акылдуу энергетикалык тармактар (Smart Grid);
  • жаңыртылуучу энергия булактары;
  • шаардык инфраструктуранын энергия натыйжалуулугу;
  • курулуш жана архитектурадагы заманбап технологиялар;
  • жаңы муундун инженердик кадрларын даярдоо;
  • дуальный билим берүүнү өнүктүрүү жана билим берүүнү өндүрүш менен интеграциялоо.

Иш-чаранын программасына пленардык отурумдар, тематикалык сессиялар, эксперттик дискуссиялар, дуальный билим берүү системасын тааныштыруу, ошондой эле инновациялык иштеп чыгуулардын жана технологиялык чечимдердин көргөзмөсү кирет.