29-июлда Ысык-Көл облусунда Кыргызстандын жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун III Форуму өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги кабарлады.

Иш-чаранын темасы «Кыргызстан менен Өзбекстандын университеттеринин стратегиялык өнөктөштүгү: инновациялык кызматташуу моделдери, академиялык интеграция жана жогорку билим, илим жана инновациялардын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү» деп аталат.

Форум Кыргыз Республикасына Өзбекстандын президентинин мамлекеттик сапарын даярдоо алкагында уюштурулган. Иш-чарага эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын жетекчилери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле илимий жана академиялык коомчулук катышты.

Форумдун программасында пленардык жыйын, кызматташуу тууралуу меморандумдарга жана келишимдерге кол коюу, студенттик стартаптардын көргөзмөсү, ошондой эле билим берүү, илим жана бизнес интеграциясы, академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен окуу программаларын ишке ашыруу жана илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү боюнча панелдик сессиялар камтылган.

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги форумдун Кыргызстан менен Өзбекстандын университеттеринин стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөө, эл аралык академиялык кызматташтыкты кеңейтүү жана жогорку билим берүү, илим жана инновациялар тармагындагы биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн маанилүү аянтча болорун белгиледи.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн вице-премьер-министри Улан Мамытканов форумда сөз сүйлөп, билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтык Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстандын стратегиялык өнөктөштүгүнүн маанилүү компоненти экенин айтты.