31-августта Бишкек шаарындагы «Бишкек Арена» стадионунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтөт.
Бул салтанатта Россиядан келген популярдуу «Корни» музыкалык тобу өз өнөрүн тартуулайт.
Ошондой эле, иш-чарага катышуучу кыргызстандык жана эл аралык белгилүү аткаруучулардын чыгышы каралган, алардын толук тизмеси кийинчерээк жарыяланат.
Билеттердин баасы 5 миң сомдон 9 миң сомго чейин болуп, аларды расмий ticket.gov.kg сайтынан сатып алууга болот.









