“Биримдик кербени” эстафетасы
Оюндарга 40 күн калганда башталган “Биримдик кербени” маданий эстафетасы учурда өлкө боюнча жүрүп жатат. 40 күндүн ичинде Кыргызстандын 40 районундагы ыйык булактардан суу чогултулат. Бул сууну атайын суу сактоочулар ташып жүрүшөт. Жүрүштүн катышуучулары көчмөндөрдүн салттуу транспорт каражаттарын – аттарга же өгүздөргө чегилген арабаларды жана төөлөрдү колдонушат.
Кербен Кыргызстандын жети облусун кыдырып, өз жолун Балыкчы шаарында аяктайт. Ал жерде чогултулган сууга Хан-Теңири чокусунан алынган мөңгү суусу кошулат. Жабылыш аземинде бул суу кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын кабыл алган өлкөнүн өкүлүнө берилет.
Ачылыш аземи качан жана кайда өтөт?
Иш-чаранын ачылыш аземи 31-августта Бишкек шаарында, өлкөнүн эң жаңы жана ири стадиону болгон “Бишкек Аренада” өткөрүлөт. Стадиондун сыйымдуулугу 51 миң кишиге ылайыкталган. Азыркы учурда курулуш иштери уланып жаткандыктан, Оюндардын ачылыш аземи стадиондун да ачылышы менен коштолот.
Бул иш-чарага Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин президенттери келет деп күтүлүүдө, анткени дал ушул маалда ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары кеңешинин юбилейлик жыйыны өтөт.
Ачылыш аземинде эмнелер күтүлөт?
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы эң масштабдуу маданий иш-чаралардын бири болору күтүлүүдө.










