Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев COP31 саммитинде Кыргызстандын климаттык артыкчылыктарга болгон берилгендигин тастыктады. Өлкө тарабынан кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүү, табигый ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жана климаттык туруктуулукту чыңдоо боюнча иштер жүрүп жаткандыгы белгиленди.

Касымалиев өнүгүп жаткан тоолуу өлкөлөрдүн климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн каржылоого болгон муктаждыгы менен эл аралык колдоо көлөмүнүн ортосундагы чоң айырманы атап өткөн. Бул маселени чечүү үчүн климаттык каржылоого жеткиликтүүлүктү жөнөкөйлөтүү жана административдик тоскоолдуктарды жоюу зарыл экенин баса белгиледи.

Климаттык каржылоо боюнча максаттар (2035-жылга чейин)

1,3 трлндоллар (жыл сайын)
3 эсекаржылоонун өсүшү

Кыргызстандын тарабынан климаттык конференциялардын акыркы макулдашууларын колдоо билдирилди. Бул макулдашууларга ылайык, 2035-жылга чейин климаттык каржылоого жыл сайын 1,3 триллион долларды мобилизациялоо жана адаптациялоо чараларын каржылоону үч эсе көбөйтүү пландалууда.

Саммитте Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасын сактоо маселеси да көтөрүлгөн. Адылбек Касымалиев Президент Садыр Жапаровдун БУУнун Баш Ассамблеясынын 81-сессиясында Ысык-Көлдү сактоо боюнча эл аралык трастовый фондду түзүү демилгесин эске салды.