Мамлекеттик салык кызматы салыктык башкарууну санариптик трансформациялоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында электрондук эсеп-фактуралардын 2.0 жаңы маалыматтык системасын колдонуу боюнча пилоттук долбоорду өткөрөт.
Долбоордун максаты жана мөөнөтү
Пилоттук долбоор 1-сентябрдан тарта башталып, алты айга созулат. Анын максаты — электрондук документ жүгүртүүнүн жана товарларды эсепке алуунун заманбап механизмдерин бириктирген жаңы санариптик платформаны сыноодон өткөрүү.
Негизги максаттарына жаңы системанын бизнес-процесстерин жөнгө салуу, анын функциялык мүмкүнчүлүктөрүн текшерүү, туруктуу иштешин камсыз кылуу, ошондой эле программалык камсыздоону жана ченемдик укуктук базаны кийинчерээк өркүндөтүү үчүн бизнес өкүлдөрүнөн сунуштарды жана сын-пикирлерди чогултуу кирет.
Салыктык милдеттенмелерге таасири
Пилоттук долбоордун мезгилинде ЭСФ 2.0 системасында таризделген документтер салыктык башкаруу үчүн колдонулбайт жана катышуучулардын салыктык милдеттенмелерине таасир этпейт. Алар системаны тестирлөө, анын функциялык мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүү жана андан ары ишке киргизүүгө даярдык көрүү үчүн гана арналган.
Учурдагы «Электрондук эсеп-фактура» системасы кадимки режимде иштей берет, ал эми салыктык максаттар үчүн электрондук эсеп-фактураларды тариздөө тартиби пилоттук долбоор аяктаганга чейин өзгөрүүсүз калат.




