Ханзааданын денеси 2025-жылдын 25-ноябрында мейманканадан табылган, бирок бул окуя тууралуу коомчулукка соттук териштирүү учурунда гана белгилүү болду. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы чет элдик ЖМКларга шилтеме берип жазды.
The Telegraph басылмасынын билдирүүсүнө ылайык, ханзаада Абдулла бин Фахад бин Абдулла бин Абдулазиз бин Джалави аль-Сауддун канында алкоголдун деңгээли уруксат берилген нормадан дээрлик үч эсе көп болгон, ошондой эле баңгизаттын издери табылган.
Сот отурумунда маркум алкоголдук жана баңгизат көз карандылыгынан жабыркаганы айтылды. Өлүмүнөн үч ай мурун ал дарылоо клиникасында детоксикациядан өткөн.
Иликтөөдө үчүнчү жактардын кылмышка тиешеси бар экендигине эч кандай далил табылган эмес. Видеокамералардын жазууларында ханзаада көз жумганга чейин жалгыз болгону көрсөтүлгөн. Эксперттер ханзааданын өлүмүн бир нече дары-дармектерди жана алкоголдук ичимдиктерди колдонуудан келип чыккан кокустук катары аныкташкан.



