12–13-ноябрда Астанада алгачкы медициналык-санитардык жардамды (БМСЖ) өнүктүрүүгө жана натыйжалуулугун жогорулатууга арналган Эл аралык конгресс өттү. Кыргызстандын өкүлдөрү эл аралык аянтчада тармакты реформалоонун стратегиялык багыттарын сунушташты.

Иш-чаранын алкагында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев баяндама жасап, өлкөдөгү алгачкы звени өнүктүрүүнүн артыкчыктуу багыттарын белгиледи. Негизги милдеттердин арасында төмөнкүлөр белгиленди:

  • үй-бүлөлүк медицина институтун чыңдөө
  • медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу
  • оорулардын алдын алуу
  • саламаттык сактоо системасын санариптештирүү
  • кадрдык потенциалды өнүктүрүү
Биздин башкы милдет — негизинен дарылоо моделинен адамдын ден соолугун сактоого, оорулардын алдын алууга жана аларды эрте аныктоого багытталган саламаттык сактоо системасына өтүү. Сапаттуу жана жеткиликтүү алгачкы медициналык-санитардык жардам ар бир жаранга жашаган жерине карабастан камсыз кылынышы керек
Нурбек Букуев, КР Саламаттык сактоо министринин орун басары

Баяндамада БМСЖ боюнча өлкөлөрдүн Глобалдык коалициясын колдоого өзгөчө басым жасалды. КР Саламаттык сактоо министрлиги бул демилгени эл аралык өнөктөштүк аркылуу тажрыйба алмашуу жана улуттук саламаттык сактоо системаларын чыңдоо үчүн маанилүү платформа катары караарын белгиледи.

Делегациянын катышуусу ошондой эле Казакстан менен эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана медицина чөйрөсүндө биргелешкен демилгелерди ишке киргизүү үчүн алдыңкы тажрыйбаларды изилдөөгө багытталган.