«Кумтор Голд Компани» 2022-жылдын январынан 2026-жылдын июнюна чейинки 4,5 жылдык аралыкта Кыргызстан бюджетине салымдарынын жалпы суммасын ачып берди.
Ошол аралыкта компаниянын бюджетке которгон суммасы 1 млрд 233 млн 216 миң долларды түздү. Бул сумма салык жана башка милдеттүү төлөмдөрдү камтыйт.
Ошондой эле компаниянын ошол эле мезгилдеги жалпы кирешеси 4 млрд 991 млн 956 миң доллар, таза пайдасы 2 млрд 196 млн 678 миң доллар экендиги белгиленди.
Мындан тышкары, «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна дивиденд түрүндө 741 млн 298 миң доллар төлөнгөн.






