Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакунов менен маегинде Кумтор алтын кенинен түшкөн кирешенин кантип бөлүштүрүлөрүн ачыктады.
Жапаровдун айтымында, Кумтордо жыл сайын бир миллиард долларга жакын алтын өндүрүлөт. Анын жарымы кенди тейлөөгө, кызматкерлердин маянасына, салыкка жана башка керектөөлөргө сарпталат.
Кенди жабдуу жана иштетүүгө кеткен каражаттын көлөмү кээде көбөйүп, кээде аз болуп турат, ал эми калган жарымы таза пайда катары мамлекеттин эсебине өтөт.
Бул таза пайда курулуш тармагына багытталат. Мисалы, ГИК программасынын алкагында 3 миллиард долларга жакын турак үйлөр курулду.
Ошондой эле, өткөн беш жыл ичинде 500 мектеп жана бала бакча салынды—мурдагы 30 жылдагыдан көп.
Жолдордун оңдолуусу да Кумтордон түшкөн каражаттардын эсебинен болуп жатат. Өткөн жылы 1,5 миң чакырым жол оңдолсо, быйыл бул көрсөткүч 2 миң чакырымга жеткирилип жатат.






