Кыргызстанда электромобилдерди чыгаруу боюнча завод жыл башында башталат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу экономика министрлигинин вице-министри Султан Ахматов билдирди.
Учурда долбоордун даярдыгы 75%ды түзөөрү белгиленди. Заводто BARS деген улуттук бренд астында электромобилдер чыгарылат.
- Жылына 10 миңге чейин электромобил чыгаруу
- 100дөн ашык жумуш ордун түзүү
- Автомобилдер Кыргызстанда жана Борбор Азия, ЕАЭС өлкөлөрүнө экспорттоо
Өндүрүү 2026-жылдын үчүнчү чейрегинде башталат деп пландалууда. Бул ишкана өлкөнүн машина куруу секторун өнүктүрүүгө жана жаңы технологияларды киргизүүгө салым кошот.











