Ат-Башы районунда 13 мини-футбол аянтчасы курулушу дээрлик бүткөрүлдү. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Президенттин туруктуу фонду тарабынан каржыланууда.

Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров 11-августта курулуш аянтчаларын кыдырып, аткарылаган жумуштар менен таанышты.

Ал жооптуу жетекчилерге сапаттуу жана талаптарга ылайык аянтчаларды эксплуатацияга өткөрүүнү тапшырды. Андан соң алардын абалын көзөмөлдөөнү улантууну сунуш кылды.

Жакынкы күндөрдө мини-футбол аянтчалары жергиликтүү жаштар менен спорт сүйүүчүлөрүнүн кызматында иштей баштайт.