Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Өзбекстандын айыл чарба министри Иброхим Абдурахмонов менен жолугушууда картошка экспортуна байланыштуу маанилүү сунуштарды билдирди. Министр кыргызстандык картошканы жеткирүүдө кошумча нарк салыгын (КНС) алып салуу зарылдыгын белгиледи.
Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, бул сүйлөшүүлөр Эрлист Акунбековдун Өзбекстанга жасаган жумушчу визитинин алкагында өттү. Тараптар Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашууларын ишке ашырууну талкуулашты.
Өзбекстан тарабы кыргызстандык айыл чарба продукциясын, анын ичинде картошканы импорттоо үчүн «жашыл коридор» түзүү демилгесин колдоого даяр экенин билдирди. Бул аракеттер экөөндүн ортосундагы сооданы жеңилдетүүгө багытталган.
- Кыргызстандын аймагында айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана сактоо боюнча биргелешкен ишкана түзүү макулдашылды.
- Долбоорду Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунун каражаттары менен каржылоо пландалууда.
- Кыргызстанда үрөн чыгарууну уюштуруп, андан кийин аны Өзбекстан рыногуна сатуу боюнча келишимге келдилин.
Кыргызстандагы картошка түшүмү
- 2026-жыл (сентябрь чейин) — 1 млн тонна
Tazabek



















