28-июлда суу ресурстары жана айыл чарба министри Эрлист Акунбеков картошка кластери жетекчиси Кайыркуль Казылаева менен жолугушуп, тармактын келечеги тууралуу пикир алышты.
Тараптар картошка өндүрүшүн эффективдештирүү, сактоо, кайра иштетүү жана сатуу боюнча маселелерди карашты. Мындан тышкары, заманбап инфраструктура куруу боюнча инвестициялык долбоор сунушталды.
Министр Эрлист Акунбеков аймактык кластерлерди түзүүнүн тармакты өнүктүрүүгө жана экспорттук потенциалды жогорулатууга өбөлгө болорун белгиледи.
Картошка өстүрүүчүлөрдүн Далан күнү 2026-жылдын 6-августунда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда пландаштырылууда.








