Бишкек менен Ереван искусство жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнү 2027–2029-жылдар аралыгына карата Кызматташтыктын Жол картасынын алкагында бекитүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Маданият министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгүл уулу Армениянын элчиси Армен Гевондян менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар бир катар конкреттүү демилгелерди белгилешти. Эки мамлекеттин Маданият күндөрүн уюштуруудан тышкары, маданий мекемелердин ортосундагы байланыштарды чыңдоого жана музей секторун өнүктүрүүгө басым жасалат.
Күн тартибинде искусствонун көрүнүктүү инсандарынын эстелик даталарына даярдык көрүүгө өзгөчө маани берилди:
- Чыңгыз Айтматовдун төрөлгөн күнүнүн 100 жылдыгына карата иш-чараларды өткөрүү
- Арам Хачатуряндын төрөлгөн күнүнүн 125 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чараларды уюштуруу
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптардын өкүлдөрү гуманитардык байланыштарды өстүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу ниетин тастыкташты.















