Кыргызстан менен Лаостун өкүлдөрү Бишкекте стратегиялык изилдөөлөр жана эксперттик-аналитикалык ишке байланыштуу тажрыйба алмашты. Бул жолугушуу Кыргызстандын Президентине караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун директору Адилбек уулу Шумкарбек менен Лаостун Социалдык-экономикалык илимдер академиясынын гендиректору Усаван Тьенгтепвонгс арасындагы жолугушуу болуп өттү.

Тараптар биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, эксперттер менен изилдөөчүлөрдү алмашуу, конференциялар, форумдар жана семинарларды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн карашты. Ошондой эле аналитикалык материалдар менен жариялоолорду бөлүшүү максатында кызматташтык пландары талкууланды.

Мамлекеттик башкаруу, экономикалык өнүгүү, санариптик трансформация, адам капиталынын өсүшү, инфраструктура жана транспорттук байланыш, энергетика, табигый ресурстарды рационалдуу пайдалануу сыяктуу келечектеги кызматташтык багыттарына да өзгөчө маани берди.

Жолугушуунун соңунда Улуттук стратегиялык демилгелер институту менен Лаостун академиясы ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумунун долбоору каралып, биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жана кийинки колдоно турган чаралар талкууланды.