Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы авиасообщулукту өнүктүрүү максатында бир нече жаңы маршруттар ачылууда. Бул тууралуу Өзбекстандын Туризм комитетинин сайты билдирет.
Өзбекстандын туризм комитети Asman Airlines жана Aero Nomad Airlines авиакомпанияларынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Анда эки өлкөнүн ортосундагы авиарейстерди кеңейтип, туристтик агымды жогорулатуу боюнча маселелер талкууланды.
Aero Nomad Airlines 2026-жылдын 23-августунан баштап Бишкек — Ташкент — Бишкек багытында эки жолу жумасына (бейшемби жана жекшемби күндөрү) түз каттамдарды ишке киргизет.
Asman Airlines авиакомпаниясы менен Бишкек жана Ош шаарларынан Ташкентке, ошондой эле Өзбекстандын башка популярдуу шаарларына каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Жолугушууда жүк жана жүргүнчү керектөөлөрүн изилдеп, жаңы маршруттарды түзүү пландалууда.
Өзгөрүүлөрдүн максаты
Жаңы маршруттар туристтердин агымын көбөйтүп, эки өлкөнүн ишкер жана маданий байланыштарын бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Ошондой эле авиация тармагында кызматташтыкты күчөтөт.
Мындан сырткары Бишкек – Самарканд – Бишкек жана Бишкек – Ургенч – Бишкек багыттары да келечектүү маршруттар катары каралууда. Бул план ишке ашса, кыргыз-өзбек авиасектору мындан ары да өнүгөт.










