Дьюла Принцтин Тянь-Шань orнотуулары тууралуу көргөзмө

Улуттук тарых музейинде 28-июлда венгер географы жана илимпоз Дьюла Принцтин 1906 жана 1909-жылдардагы Тянь-Шаньдагы илимий изилдөө экспедицияларына арналган тарыхый документалдык көргөзмө ачылды. Көргөзмө 120 жыл мурда жасалган биринчи илимий изилдөөлөрдүн мааракесине арналган.

Иш-чараны уюштурууда Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги жана Улуттук тарых музейи биргеликте кызматташкан. Мындан тышкары, Сегед университети жана Борбордук Азиянын колдонмо изилдөөсү институту да колдоо көрсөткөн.

Экспедициянын илимий жана тарыхый маңызы

Дьюла Принц 24 жашта эки венгер экспедициясында Тянь-Шаньды изилдеген. Ал 280 миң чарчы чакырымга жакын аймакты картографиялап, илимий маалыматтарды топтогон. Өзүнүн экспедицияларында тоолордун географиясын, табиятын, ошондой эле аймактын этнографиясын изилдеди.

Көргөзмөдө Дьюла Принцтин илмий эмгектеринен тышкары, анын экспедиция маалындагы так тартылган пейзаждык сүрөттөрү, уникалдуу архивдик материалдар коюлган.

Көргөзмөнүн жүрүшү жана катышуучулар

Көргөзмөнүн ачылышына министрликтин өкүлдөрү, элчиликтин кызматкерлери, тарыхчылар жана география адистери катышты. Алар Дьюла Принцтин изилдөөсү учурда дагы маанилүү экенин баса белгилешти.

Көргөзмө 28-июлдан 6-сентябрга чейин көрүүчүлөргө ачык болот. Ачилуу күнү кирүү акысыз, андан кийин музейдин билет саясаты колдонулат.