9-ноябрда жергиликтүү убакыт менен 08:40да Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жер титирөө болду. КР Улуттук илмдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, сейсмикалык активдүүлүктүн очогу чек ара аймагында жайгашкан.
3,7 магнитуда
Катталган жер титирөөнүн магнитудасы 3,7ди түздү, ал эми анын энергиялык классы 8,7 деңгээлинде аныкталды.
Сейсмологдордун маалыматы боюнча, эпицентр Бор-Добо айылынан түштүк-чыгышка карай 9 км аралыкта жайгашкан. Айылдын өзүндө жер астындагы толкундардын интенсивдүүлүгү төмөнүрөөк болуп, 3 баллды түздү.











