Ош облусундагы жер титирөөлөр 8-ноябрда жергиликтүү убакыт менен саат 05:14де катталган. Сейсмикалык окуянын эпицентри Кыргызстандын аймагында, Бор-Дебе айылынан түштүк-чыгыш тарапка 5 километрдик аралыкта жайгашкан.

Кыргызстан Улуттук илмдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, очогунун тереңдиги 15 километрди түздү. Эпицентрде тербөөлөрдүн интенсивдүүлүгү болжол менен 3,5 баллга жетсе, Бор-Дебе айылында титирөөлөр 3 балл күчүндө сезилген.

Учурда жабырлануулар же материалдык зыян келтирүү жөнүндө билдирүүлөр түшө элек.