Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Амасья провинциясында өткөн бизнес-форумда кыргыз-турк мамилелеринин тарыхый маңызы тууралуу сөз кылды. Түркия Кыргызстандын эгемендүүлүгүн таанган алгачкы мамлекет болгонун белгилеп, Кыргызстандын бул колдоого терең ыраазычылыгын билдирди.

Элчи Казакбаев эки мамлекеттин стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөөдө саясий байланыштардын маанисин баса белгилеп, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана билим берүү багыттарында үзгүлтүксүз аракеттер жүрүп жатканын айтты.

Ошол эле күнү элчи Руслан Казакбаев Амасьянын соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Мурат Кырлангыч жана аймактын ишкерлери менен жолугушуп, эки тараптуу соода көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушууда Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалы, инвестициялык климат жана бизнес жүргүзүү үчүн жеңилдиктери тууралуу маалымат берилсе, катышуучулар ортосунда пикир алмашуу жүрдү.