Кыргызстандын экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 21-23-июлуна чейин кыргыз делегациясы Түркияда «жашыл» таксономияны түзүү, жашыл инвестицияларды тартуу, парник газдарынын чыгарылышын мониторингдөө (MRV) жана эмиссиялар боюнча квоталарды соодалоо системасын (ETS) үйрөндү.

Иш сапардын жүрүшүндө туруктуу финансылоо, климаттык долбоорлорду ишке ашыруу, өнөр жайды декарбонизациялоо жана көмүртек базарын түзүү маселелерине өзгөчө маани берилди.

Кыргызстандык делегация Анкара шаарындагы Votorantim Cimentos цемент заводуна барып, ал жердеги заманбап экологиялык стандарттар, энергияны үнөмдөө технологиялары жана эмиссияларды кыскартуу боюнча чечимдер менен таанышты.

Аталган тажрыйба кийинкиде Кыргызстанда «жашыл» таксономияны иштеп чыгууда, туруктуу финансылоо механизмдерин жакшыртууда жана жашыл долбоорлорду ишке ашырууда колдонулат.