21-ноябрда Кыргызстан менен Түркиянын эл өкүлдөрү арасында футбол боюнча жолдоштук беттеш болуп өттү. Бул иш-чара эки өлкөнүн парламенттер аралык кызматташтыгын жана стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөөгө багытталган.}}{"type":"stats","data":{"title":"Матчтын жыйынтыгы","items":[{"value":"70","label":"мүнөт созулушу"},{"value":"3:3","label":"эсеби"}]}},{
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев эки мамлекетти тарыхый, маданий жана руханий жакындыктар бириктирип турарын айтты. Анын белгилөөсүнчө, акыркы жылдары боордош өлкөлөрдүн ортосундагы байланыштар, анын ичинде парламенттер аралык иштер жигердүү өнүгүүдө.
Мамлекеттер аралык мамилелер расмий жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр менен гана чектелбейт. Бүгүнкүдөй спорттук иш-чаралар да өз ара байланышты чыңдоого, жакындан таанышууга жана достук мамилелерди өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт.
Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Үнал Караман да бул жолугушуу эки парламенттин ортосундагы ишенимди жана достукту бекемдейт деп ишенет.





























