Канцелярдык буюмдардын баалары

Окуу жылы башталар алдында ата-энелерге биринчи кезекте дептерлер, ручкалар, карандаштар жана башка окуу куралдарын сатып алууга туура келет. Бул товарлардын баасы түрүнө, сапатына жана өндүрүүчүсүнө жараша бир топ айырмаланат.

  • 12 барак дептер — 4-7 сом
  • 48 барак дептер — 40-75 сом
  • Күндөлүк — 40-250 сом
  • Ручка — 10-50 сом
  • Жөнөкөй карандаш — болжол менен 10 сом
  • Түстүү карандаштар — 70-280 сом
  • Өчүргүч — 25-30 сом
  • Сызгыч — 10-30 сом
  • Карандаш учтагыч — болжол менен 15 сом
  • Альбом — 45-110 сом
  • Боёктор — 100-400 сом
  • Фломастерлер — 145-400 сом
  • Пенал — 100-400 сом
  • Ранец — 500-2200 сом
  • Мектеп рюкзагы — 500-600 сомдон
  • Дептер мукабасы (25 даана) — болжол менен 100 сом
  • Клей — болжол менен 20 сом
  • Кайчы — болжол менен 50 сом

"Джунхай" базарында өзүнүн канцелярдык товарлар дүкөнүн жакында ачкан ишкер Айзат Калил кызынын айтымында, бул сезондо мектеп буюмдарынын баасы өзгөргөн эмес. Ал мурда чоң дүкөндө иштегенин жана бааларды жакшы билерин билдирип, быйылкы баалар былтыркыга салыштырмалуу жогорулаган жок деп кошумчалады.