21-22-августта Бишкек шаарында улуттук педагогикалык форум өтөт. Ал жерде билим берүүнүн 12 жылдык системасына өткөн биринчи жылдын жыйынтыгы чыгарылат.
Министрликтин маалыматына караганда, форумда жаңы окуу жылына пландалган негизги багыттар жана маселелер талкууланат. Аларга билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү, мектептер менен бала бакчаларды куруу жана оңдоо кирет.
Министрликтин мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура бөлүмүнүн башчысы Тимур Дуйшеевдин билдирүүсүнө караганда, 2026-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 28 мектеп менен 3 бала бакчанын курулушу бүткөрүлгөн.
Ошондой эле, 18 мектеп жана 4 бала бакчада капитальдык ремонт жасалган.
Билим берүү уюмдарын заманбап техника менен жабдууда иштер уланып жатат. 2024-жылы мугалимдер үчүн 27 031 ноутбук бөлүнсө, 2025-жылы 20 286 ноутбук сатып алынган. 2026-жылы дагы 16 185 ноутбук берилет.
Бүгүнкү жылга республикалык бюджеттен мектептерге жана бала бакчаларга мебель сатып алууга 67,2 млн сом бөлүнгөн.
Министрлик билим берүү инфраструктурасы, курулуш, оңдоо жана техника менен камсыздоо боюнча суроолорду комментарийлерде кабыл алат. Өзгөртүүлөр жана актуалдуу маселелер форумдо каралат.




