Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет башчыларынын саммитинин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө медициналык коопсуздукту камсыздоо максатында саламаттыкты сактоо системасын күчөтүүдө.

Эл аралык иш-чараларга 600дөн ашык медицина кызматкерин тартуу пландаштырылууда. Аянтчаларда медициналык пункттар, мобилдик медициналык бөлүмдөр жана мобилдик госпиталь жайгаштырылат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, ведомстводо VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өткөн. Катышуучулар эл аралык иш-чаралардын конокторун жана катышуучуларын медициналык жактан камсыздоону уюштурууга жана бардык тартылган кызматтардын координациясына өзгөчө көңүл бурушту.

Оюндар өткөн аянтчаларда ыкчам медициналык жардам көрсөтүү үчүн медициналык пункттарды, мобилдик медициналык бөлүмдөрдү жана мобилдик госпиталды жайгаштыруу каралган. Мындан тышкары, тез жардам бригадалары да күчөтүлөт.

Оюндар өтүп жаткан мезгилге Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги иш-чараларды медициналык камсыздоо үчүн өзүнүн мобилдик госпиталын убактылуу өткөрүп берет. Ал зарыл медициналык жардам көрсөтүү жана өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда ыкчам аракеттенүү үчүн колдонулат.