Бишкекте Кыргызстандын санариптик экономикасын жана финансы рыногунун келечегин талкуулоо үчүн негизги аянтча болгон FinConference 2026 конференциясы өттү. Иш-чаранын башкы жарыяларынын бири 2027-жылга пландаштырылган ELPayKG системасынын сунушталышы болду.
Конференциянын башкы өнөктөшү Банктар аралык процессинг борбору (БАПБ) болду. Сунушталган ELPayKG чечими акча которууларды жөнөкөйлөтүүгө жана тездетүүгө, ошондой эле жарандар жана бизнес үчүн товарлардын жана кызматтардын акысын төлөөнү оптималдаштырууга багытталган.
«БАПБ» ЖАК башкармалыгынын төрагасы Алтымыш Туратбековдун айтымында, санариптик сервистерди өнүктүрүү жана төлөмдөрдүн коопсуздугу финансылык экосистеманын бардык катышуучуларынын жалпы жоопкерчилиги болуп саналат. Ал учурдагы демилгелер секторду санариптештирүү жана накталай эмес эсептешүүлөрдү өнүктүрүү боюнча өлкөнүн жетекчилигинин жана КР Улуттук банкынын милдеттерине шайкеш келет деп белгиледи.
Бул багыттардын бардыгы финансы секторун санариптештирүү, накталай эмес эсептешүүлөрдү өнүктүрүү жана финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жагында өлкөнүн жетекчилиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан коюлган милдеттерге шайкеш келет
Жаңы системаны ишке киргизүүдөн тышкары, конференциянын катышуучулары заманбап финансылык инфраструктуранын өтө маанилүү аспектилерине: киберкоопсуздукка, жасалма интеллектти киргизүүгө жана банктар аралык антифрод-системаларга көңүл бурушту. БАПБнын маалыматы боюнча, уюм бүгүнкү күндө банктарга жаңы продукцияларды түзүүгө, ал эми бизнеске эсептешүүлөр үчүн натыйжалуу куралдарды алууга мүмкүндүк берген технологиялык пайдубал түзүүдө.



















