Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ), “Борбордук депозитарий” жабык акционердик коому жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду (КОӨФ) Кыргызстандын Борбордук депозитарийинин эсепке алуу системасын модернизациялоого багытталган техникалык көмөк көрсөтүү келишимине кол коюшту.
ЕӨБ билдиргендей, бул долбоор Кыргызстандын фондулук рыногунун инфраструктурасын модернизациялоонун кезектеги этабы болуп саналат. Буга чейин ЕӨБ жана КОӨФ колдоосу менен Кыргыз фондулук биржасынын IT-инфраструктурасы жаңыланган. Эми техникалык көмөк Борбордук депозитарийди өнүктүрүүгө багытталат. Бул баалуу кагаздарга болгон укуктарды эсепке алууну жана капитал рыногунун эсептешүү инфраструктурасынын ишенимдүүлүгүн камсыз кылган негизги институт.
Эмне максат?
Модернизациянын зарылдыгы Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан фондулук рынокту реформалоо менен шартталган. Долбоордун алкагында Борбордук депозитарийдин эсепке алуу системасы жаңыланып, IT-инфраструктурасы жаңыртылат.








