Кыргызстанда 7-ноябрдан тарта Тарых жана ата-бабалардын эс тутум күндөрү белгиленүүдө. Бул майрам 7 жана 8-ноябрды камтыйт. Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев кыргызстандыктардын атынан кайрылып, элдин тарыхындагы трагедиялуу окуяларды жана эрдиктерди эске алды.

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин айтымында, кыргыз элинин тарыхы эркиндик жана мамлекеттүүлүк үчүн күрөш менен тыгыз байланыштуу. Улуттук аң-сезимди сактоо тарыхый эс тутумга таянат.

Өзгөчө трагедиялуу барак катары 1916-жылдагы Уркун калды — бул элдин эсинде жарасы жабылбаган кабыр, эркиндик үчүн төгүлгөн кандын жана чоң кайгынын символу.
Арслан Койчиев

Койчиев 1916-жылдагы Уркун окуясын жана саясий репрессиялардын курман болгон адамдарды эске салды. Ал заманбап кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрү болгон инсандардын тагдыры биздин абийирибиз экенин белгиледи.

  1. Иманалы Айдарбековмамлекеттик жана коомдук ишмер
  2. Абдыкерим Сыдыковмамлекеттик жана коомдук ишмер
  3. Абдыкадыр Орозбековмамлекеттик жана коомдук ишмер
  4. Жусуп Абдрахмановмамлекеттик жана коомдук ишмер
  5. Ишеналы Арабаевмамлекеттик жана коомдук ишмер
  6. Касым Тыныстановмамлекеттик жана коомдук ишмер
  7. Төрекул Айтматовмамлекеттик жана коомдук ишмер

Мамлекеттик катчы бүгүнкү тынч, эркин жана өнүгүп жаткан Кыргызстан — бул ата-бабаларыбыздын кыялынын ишке ашуусу жана алардын эмгегинин натыйжасы экенин баса белгиледи.