Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Чүй облусунун Кызыл-Дыйкан айылында жана "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде өткөн 1916-жылдагы Үркүн окуяларынын 110 жылдыгына арналган эскерүү иш-чараларына катышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенттик администрациясы билдирди.

Иш-чаралардын жүрүшүндө Мамлекеттик катчы кайгылуу окуяларда курман болгон мекендештердин жаркын элесин эскерди.

Өз сөзүндө Арслан Койчиев Үркүн кыргыз элинин тарыхындагы эң оор трагедиялардын бири экендигин жана улуттук тарыхый эстин ажырагыс бөлүгү болуп саналаарын белгиледи. Ал курман болгондорду эскерүү өткөн үчүн өч алууга умтулуу эмес, тескерисинче, тарыхый чындыкты сактоого, ата-бабалардын басып өткөн жолун терең түшүнүүгө жана келечек муундардын алдындагы жоопкерчиликти аңдоого умтулуу катары өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.

Мамлекеттик катчынын айтымында, 1916-жылдагы окуялар элдин эркиндикке, кадыр-баркка жана көз карандысыз мамлекеттүүлүккө болгон умтулуусун бекемдеп, заманбап эгемен Кыргыз мамлекетинин негизин түптөөчү тарыхый факторлордун бири болуп калды.