Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин пресс-кызмат органынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоорунун экинчи этабы башталды. Бул долбоор мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын жана айкындыгын жогорулатууга багытталган.
Долбоордун алкагында мамлекеттик кызматтардын, агенттиктердин, фонддордун жана мамлекеттик уюмдардын жетекчилери катыша турушат. Маалымат каражаттарынын өкүлдөрү мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери менен ачык форматта өз ара мамиле кылууга мүмкүнчүлүк алышат.
Бул жолугушуулар жүрүндө алардын ишиндин негизги багыттары, жүргүзүлүп жаткан реформалар, ошондой эле келечектеги мезгилге карата пландары жана артыкчылыктуу милдеттери маалымдалат. Долбоор мамлекеттик органдар менен коомчулук ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө жана жарандардын мамлекеттик түзүмдөрдүн иши жөнүндө маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого багытталган.
Экинчи этаптын ишке ашырылышы ачык жана жоопкерчиликтүү мамлекеттик башкаруу системасын түзүү боюнча үзгүлтүксүз иштөөнүн уланышы жана жарандардын мамлекеттик институттарга ишенимин бекемдөө максатын көздөйт.











