Бишкекте болгон ведомстволор аралык жыйында республикалык деңгээлде билим берүүнү санариптештирүүнүн келечеги талкууланды. Иш-чарага Министрлик жетекчилери, «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин директору жана Түндүк ачык акционердик коомунун өкүлдөрү катышты.
Жыйында азыркы учурда колдонулуп жаткан «Э-Күндөлүк» жана АИС «Мугалим» сыяктуу санариптик платформалар тууралуу пикир алмашылып, алардын иштөө сапатын жогорулатуу жана колдонуучулар санын көбөйтүү маселелери каралды.
Министр Догдуркүл Кендирбаева белгилегендей, бул платформаларды окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер активдүү колдонуп жатышат. Санариптик сервистер билим берүү процессин жеңилдетип, системанын ачык-айкындуулугун жогорулатууда.
Жыйындын жыйынтыгында кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу багытындагы программалар кабыл алынып, конкреттүү аткаруу тапшырмалары коюлду.
