Кыргызстанда адам соодасы боюнча кылмыштардын көрсөткүчү бир нече жылдын ичинде олуттуу түрдө өзгөрдү. Эгерде мурунку жылдары мындай окуялар аз катталса, анда акыркы мезгилде алардын саны бир топ көбөйгөнү байкалууда.

Адам соодасы боюнча катталган кылмыштардын саны

6кылмыш (2021)
1кылмыш (2022)
2кылмыш (2023)
20кылмыш (2024)
2кылмыш (2025)

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2024-жылы бул көрсөткүч 20 учурга жеткен. Ал эми 2026-жылдын тогуз айында адам соодасынын фактылары катталган эмес, бирок ата-энелердин өз балдарын сатуусу боюнча кылмыш иштери иликтетүүгө алынып, сотко жөнөтүлгөн.

Документтен

Адам соодасы - бул эксплуатация максатында адамды чакыруу, ташуу, жашыруу, анын макулдугу менен же макулдугусуз күч колдонуу, коркутуу, шантаждоо, алдоого алып келүүнү же бийликти кыянат колдонууну камтыйт.
2005-жылдагы «Адам соодасына каршы күрөшүү жана алдын алуу жөнүндө» Мыйзамында

Жакшы жашоо жана жогорку эмгек акы үчүн чет өлкөгө кетүүчү мигранттар өзгөчө тобокелдик астында турушат. Бул коркунучтан сактануу үчүн коопсуз миграция принциптерин сактоо жана маалыматтык сабаттуулук өтө зарыл.