Зомбулук көрсөткүчүнүн өсүшүнө байланыштуу мамлекеттик органдар коргоо чараларын күчөтүүдө. Зомбулук көрсөткөн жактарга карата 19 345 убактылуу коргоо буйругу берилген. Бул көрсөткүч мурунку жылдагы 14 326 буйругунан бир топ жогору.

Коргоо буйругунун бөлүштүрүлүшү

18025эркектерге берилген ордердер
1320аялзаттар үчүн ордердер

Кылмыштуулуктын түрлөрү боюнча караганда, эң көп кездешкен окуялар ден соолугуна жеңил зыян келтирүү (207 учур) жана азаптоо (68 учур) болуп саналат. Ошондой эле 31 өлтүрүү, 32 оор шиканакерлик, 37 зордук колдонуу жана 41 үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кылмыштар катталган.

Кылмыш иши жана соттук чечимдер

Укук коргоо органдары тарабынан 535 кылмыш иши козголгон. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 55 учурга көп. Аталган иштердин 326 учуру сотко жөнөтүлгөн.

Мурда → 2025-жыл

  • Кылмыш иши: 480 учур → 535 учур (▲ +11%)

ИИМ маалыматы боюнча, бул көрсөткүч өстү. Бөлүктөрү боюнча: 152 иш токтотулуп, 34 иш убактылуу токтотулган, ал эми 23 иш дагы деле жүрүп жатат. Бул маалыматтар боюнча соттор 3 901 адамды камакка алууну, 2 362 адамды коомдук иштерге тартууну чечкен.