Бишкек шаарында агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча 2026-2030-жылдарга карата программанын алкагында 1000 күндүк иш-чаралар планын иштеп чыгуу маселелери талкууланды.

Суур суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, кеңешмеге минералдык жер семирткичтерди импорттоочу компаниялардын, үрөнчүлүк чарбалардын, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун, айыл чарба техникасын импорттоочу компаниялардын өкүлдөрү, ошондой эле министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана адистери катышты.

Талкуу учурунда агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн негизги багыттары, азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо жана атаандаштыкка жөндөмдүү ички өндүрүштү колдоо маселелери каралды.

Катышуучулар 1000 күндүк иш-чаралар планына киргизүү пландаштырылып жаткан демилгелер боюнча пикир-пикир алмашып, тармактын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча планды андан ары иштеп чыгуу үчүн тиешелүү сунуштар чогултулуп, сунуш-пикирлер берилди.