Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы Тыныстанов көчөсүндө өз алдынча орнотулган чатырларды жана кире бериш топторду мажбурлап демонтаждоону жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.
Текшерүү көп кабаттуу үйдүн жашоочусунун кайрылуусунан кийин уюштурулган. Ал Тыныстанов көчөсү, 197/1 дарегиндеги кире бериш топтордун жана чатырлардын мыйзамдуулугуна шек келтирген.
Мэриянын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 21-майында объекттердин менчик ээлерине уруксат берүүчү документтерди берүү талабы менен эскертүүлөр берилген. Бирок ээлери керектүү документтерди көрсөтө алышкан эмес.
Андан кийин Бишкек шаарынын Курулуш жана архитектура боюнча башкы башкармалыгынын, ошондой эле шаардык кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда комиссиялык текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында, «24.kg» маалымат агенттиги, M-Maxima компаниясы жана GetGrant билим берүү борбору жайгашкан объекттердин чатырлары жана кире бериш топтор тиешелүү уруксат кагаздарсыз өз алдынча курулганы аныкталган.
Бул факт боюнча тиешелүү акт түзүлүп, менчик ээлерине аныкталган мыйзам бузууларды ыктыярдуу түрдө жоюу талабы менен доомат каттары жөнөтүлгөн. Учурда Башкармалык мыйзамсыз орнотулган конструкцияларды мажбурлап демонтаждоону жүргүзүүдө.






