Маалымат жыйыны 28-июль күнү саат 11:00дө «Кабар» маалымат агенттигинде өткөрүлмөкчү. Бул иш-чара Бүткүл дүйнөлүк гепатит менен күрөшүү күнүнө арналган.
Катышуучулар
- Ишенапысова Гулбара Сатыгуловна, КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары
- Чокморова Умуткан Жусуповна, Гемоконтакттуу вирустук гепатиттерди жана ВИЧти контролдоо республикалык борборунун директору
- Кубанычбекова Гулзат Кубанычбековна, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору
- Надирова Анипа, пациенттер коомчулугунун өкүлү
Иш-чаранын жүрүшүндө гепатиттин алдын алуу, аны менен күрөшүү жана коомчулуктун бул ооруга болгон маалымдуулугун жогорулатуу маселелери талкууланат.

