Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандардын суррогат энелик кызматынан пайдалануу укугуна чектөө киргизүү сунушталууда. Мындай мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Жаңы долбоорго ылайык, суррогат энелик боюнча келишим Кыргыз Республикасынын жарандары гана түзө алат. Чет өлкөлүктөргө кызмат көрсөтүү токтотулат.

Бирок бул эрежеден бир гана өзгөчөлүк бар — Кыргызстандык жаран, эгерде ал чет өлкөлүк жаран менен расмий нике түзгөн болсо, суррогат энелик кызматын ала алат.

А азыркы мыйзамда суррогат энелик кызматы медицина жагынан керектөөчүлөргө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн келишим аркылуу берилет жана чет өлкөлүктөргө тыюу салынган эмес.

Мыйзам долбоорунун максаты — аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо, ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын коммерциялык максатта суррогат энелик кызматын пайдалануу мүмкүндүгүн чектөө.