Кыргызстандын бир катар аймактарында эл аралык иш-чаралардын өткөрүлүшүнө байланыштуу дрондордун жана жеке авиациялык учуучу аппараттардын учулушуна убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Мамлекеттик граждандык авиация агенттигинен кабарлагандай, бул чектөөлөр учуунун коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо максатында кабыл алынган.




