Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 29-августтан 6-сентябрга чейин кызматкерлер коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөрүн билдирди.
Бул чаралар мамлекеттик иш-чаралар учурунда коомдук тартипти сактоо жана жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында айрым участоктордо транспорттун убактылуу жүрүшүнө чектөөлөр киргизилет, айрым учурда жолдор толук жабылышы мүмкүн.









