Кыргызстанда бензин жана дизель майынын баасы жогорулап жатат. Социалдык маанилүү болгон АИ-92 маркасындагы бензиндин баасы бир апта ичинде 2-2,3 сомго өсүп, дизелдин баасы 2 сомго көтөрүлгөн.
Кошумчалай кетсек, АИ-95 маркасындагы бензиндин баасы июль айында мамлекеттик баа жөнгө салуудан алынып, анын баасы 10-12 сомго кымбаттаган. Бирок бул маркадагы бензин баардык заправкаларда эле жеткиликтүү эмес.
- Айрым заправкаларда бир гана дизель майы сатыкка коюлуп жатат
- Бишкек шаарындагы айдоочулар бензин жана дизель майынын бар-жогун сайттар аркылуу текшерүүдө
Ассоциациянын жетекчиси Канатбек Эшатовдун айтымында, Россиядагы нефть кайра иштетүүчү заводдор учурда негизинен дизель майын гана сунуштап жатышат. Кыргызстандык нефтетрейдерлер Азербайжан, Кытай, Беларусь жана Түркмөнстандан жаңы запастык булактар издеп жатышат.
Бааларда чоң өсүш байкалууда: кышка чейин бензин тоннанынын баасы 700 доллардан 1800 долларга чейин көтөрүлдү, дизелдин баасы 800 доллардан 1900 долларга жетти.
























