Дайырбек Орунбеков 20-июлда коомдук-саясий маанидеги бир нече адамдын фейк маалымат таратып, антикытай маанайларды жайылтууда деп эсептөө менен аларды жоопко тартуу мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүчү тизмени жарыялады.

Тизмеде мурдагы депутаттардан тарта белгилүү укук коргоочулар, саясат таануучулар жана башка коомдук активисттер бар. Баштапкы жарыяланганда Камчыбек Ташиев да көрсөтүлгөн, бирок кийинчерээк ал аты тизмеден алынып салынды.

Бирок коомчулук ичинде катуу талкуу жараткан жагдай – жарыяланган тизмеде паспорттук база сыяктуу жеке маалыматтар, анын ичинде жеке ID сүрөттөрүнүн колдонулганы болду.

Активисттер, анын ичинде Гульшайыр Абдирасулова, өзүнүн паспортундагы сүрөтү ачыкка чыгып кеткенин билдирип, мындай маалыматтар жалпыга ачык болбошу керек экенин белгилешти.

"Экинчи сүрөт менин ID-паспортумдан алынган жана аны мен эч качан коомчулукка жарыялаган эмесмин".
Гульшайыр Абдирасулова

Активисттер мындай маалымат агып кетүүнү иликтөөнү жана жооптуу тараптарга чара көрүүнү талап кылууда. Бул окуя өлкөдө жеке маалыматтардын корголушу жана жоопкерчилиги боюнча жаңы талкууларды жаратты.