Кыргызстандагы иш берүүчүлөрдүн талаптары өзгөрүп, технологиялык процесстердин күчөшү менен айрым адистиктердин мааниси кемип жатат. Бул процесс кесиптердин толугу менен жок болушу эмес, болгону кайталануучу, күнүмдүк тапшырмаларды аткаруучу жумуштардын азайышы болуп саналат.
Экономист Бахтияр Игамбердиев «Кабар» агенттигине берген маалыматында, санариптик форматка өтүү үчүн үч негизги фактор таасир этүүдө экенин белгиледи.
Актуалдуулугун жоготкону байкалууда турган багыттар
- Маалыматтарды киргизүү операторлору
- Касса кызматкерлери
- Колл-центр операторлору
- Биринчилик документтер менен иштеген бухгалтерлер
- Жөнөкөй тексттерди которгон котормочулар
- Корректорлор
- Турагенттер
- Банк жана склад кызматкерлери
Азыркы учурда документтерди иштетүү, төлөмдөрдү кабыл алуу жана кардарларга тейлөө сыяктуу процесстер акырындап автоматтык түрдө ишке ашырылып жатат. Бул өзгөрүүлөр кесипкөй адистерге жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүүнү талап кылат.













