Кыргызстандын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги KOICAнын адистери менен «Кыргызстанда аба сапатын жакшыртуу» долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Долбоордун алкагында 21 мамлекеттик билим берүү мекемесине экологиялык жактан таза жылытуу системалары орнотулат. Бул демилге абаны булгануудан коргоого жана энергия натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Жыйындарда абаны булганууну азайтуу чаралары, аба сапатын башкарууну өркүндөтүү, ошондой эле окутуу жана эл аралык тажрыйба алмашуу иштери талкууланды.
Тараптар долбоорду ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.









