6-ноябрда кол коюлган №743 токтомго ылайык, Кыргызстанда курал ээлик кылууга жана жеке күзөт тармагында иштөөгө талапкер болгон адамдар үчүн медициналык текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби коррекцияланды. Өзгөрүүлөр бул функцияларды аткарууга тоскоол болгон оорулардын тизмесин бекиткен 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 237 токтомго киргизилет.
Негизги жаңылык психикалык абалды диагностикалоо процедурасына тиешелүү. Эми электроэнцефалографиялык изилдөө (ЭЭГ) жана эксперименталдык-психологиялык текшерүү бардык адамдар үчүн милдеттүү түрдө жүргүзүлбөйт. Документке ылайык, мындай процедуралар тиешелүү клиникалык көрсөтмөлөр болгон учурда гана психиатр-дарыгердин багыттоосу менен дайындалат.
Документтен
Хроникалык жана узакка созулган психикалык бузулуулар электроэнцефалографиялык изилдөө жана клиникалык көрсөтмөлөр болгон учурда психиатр-дарыгердин багыттоосу менен жүргүзүлгөн эксперименталдык-психологиялык текшерүү аркылуу аныкталат.
Бул чаралардын максаты — медициналык каршы көрсөтмөлөрдүн тизмесин өркүндөтүү жана талаптарды «Курал жөнүндө» Мыйзамына ылайык келтирүү. Ошентип, кошумча тесттерди жүргүзүү зарылдыгы эми дарыгер тарабынан медициналык маалыматтардын негизинде жекече аныкталат.
Каршы көрсөтмөлөрдүн тизмеси
- Оор же тез-тез курчуп турган белгилери бар хроникалык жана узакка созулган психикалык бузулуулар (органикалык, шизофрения, маанайдын бузулушу, невротикалык жана жүрүм-турумдук бузулуулар, инсандын бузулушу жана акылдык артташтыкты камтыган)
- Көз жана анын кошумча аппаратынын оорулары, көрүүнүн курчтугунун жакшы көргөн көздө 0,5тен төмөн жана начар көргөн көздө 0,2тен төмөн (же экинчи көзү көрбөй калган учурда бир көздө 0,7тен төмөн) төмөндөшү менен коштолгон, ошондой эле коррекцияны көтөрө албаган учурларда же көрүү талаасынын концентрдик тарышында
- 6-ноябр
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев тарабынан №743 токтомго кол коюлушу
- 10 күндөн кийин
Документтин күчүнө кириши











